Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, өкмөт бензин, дизель жана суюлтулган газ импорттогон компанияларга 30-сентябрга чейин субсидия берип, импорттук баа менен өкмөт белгилеген баанын айырмасын төлөп бермей болду.

Токтомдо АИ-92 бензининин тоннасы 860 доллар, АИ-95 — 940 доллар, дизель — 950 доллар, ал эми суюлтулган газ 575 доллар деңгээлинде бекитилди.

Ошондой эле минкаб күйүүчү майдын баасын убактылуу жөнгө салмакчы. Мындан тышкары, бензин жана дизелди автотранспорт менен өлкөгө ташып кирүүгө коюлган убактылуу чектөө дагы токтотулду.

Эске салсак, 21-майда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ички рынокту күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо боюнча кеңешме өткөргөн. Анда мамлекеттик түз субсидиялоо маселеси караштырлып жатканы айтылган.

Спутник