Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги калкты үзгүлтүксүз жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында энергетика тармагында системалуу реформаларды жүргүзүп, жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды курууга өзгөчө көңүл бурууда.
Бул багыттагы иштердин алкагында 2025-жылы республика боюнча жалпы кубаттуулугу 44,59 МВт түзгөн 8 чакан гидроэлектростанция (ЧГЭС) ишке киргизилди. Анын ичинен «Чакан ГЭС» ААКга тиешелүү Кара-Көл ГЭСи 2025-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди.
Мындан тышкары, учурда «Чакан ГЭС» ААК Орто-Токой, Папан жана Ылдыйкы Тар гидроэлектростанцияларын куруу иштерин активдүү улантууда. Бул объекттер ири ГЭСтердин жүгүн толук жеңилдете албаса да, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоодо жана электр энергиясынын жетишсиздигин азайтууда олуттуу салым кошору талашсыз.
Тактап айтканда, 2025-жылы «Чакан ГЭС» ААК тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясын кошкондо, өлкө боюнча чакан ГЭСтерден 400 млн. кВт⋅сааттан ашык электр энергиясы өндүрүлдү. Ошондой эле 2025-жылы ишке берилген жаңы 8 ЧГЭС тарабынан 41 млн кВт⋅сааттан ашуун электр энергиясы өндүрүлгөн.
«Чакан ГЭС» ААК мындан ары да чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө, жаңы объекттерди курууга жана эксплуатациядагы ГЭСтердин ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган иштерди улантат.