Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды тариздөө товарлардын, иштердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн реалдуу чарбалык операциясы жана иш жүзүндөгү кыймылы болгондо гана жол берилерин эскертет. 

Айрым ак ниетсиз салык төлөөчүлөр салыктык эсепке алуу маалыматтарын атайылап бурмалап, жалган электрондук эсеп фактурасын тариздөө жолу менен жасалма чыгымдарды түзүп, салыктык милдеттенмелерди мыйзамсыз түрдө азайтууга аракет кылышууда. 

Мындай аракеттер салык мыйзамдарын бузуу болуп саналат жана мыйзамда каралган жоопкерчилик чараларына алып келет.

Салык кызматы мындай мыйзам бузууларды тобокелдикке багытталган талдоо, ошондой эле заманбап санариптик жана маалыматтык системалар аркылуу аныктайт. 

Электрондук эсеп-фактураны жасалма документ жүгүртүү схемаларында колдонууда жасалган бардык аракеттер аныкталып, токтотулат.

Салык кызматы мыйзамга каршы аракеттерди токтотуп, ак ниеттүү ишкердик жүргүзүүгө чакырат, анткени мыйзамда каралган санкциялар сөзсүз түрдө колдонулат. 

Мындай схемалар бизнес үчүн олуттуу финансылык жоготууларга алып келет. 

Бул багыттагы мыйзам бузууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча иштер улантылат. Бардык аныкталган фактыларга укуктук баа берилет.