Кыргызстанда 2026-жылы кайсы тармактарда эмгектенген кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөрүн Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. 

Айтымында, ушул жылы айлык акыларды көтөрүү максатына республикалык бюджеттен 18 миллиард сом кошумча коротулган. 

Ал эми микроэкономикалык көрсөткүчтөр 11 пайызга өскөн. 2025-жылдын 11 айынын жыйынтыгында - 10,2 пайызга. 

“Айлык акыларды 2024-жылдан бери көтөрүп келатабыз. Медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин айлыгы 10 пайыздан 130 пайызга чейин көтөрүлдү. Тейлөө жаатындагы кызматкерлердин айлыгын быйыл жогорулаттык.

2026-жылы дагы айлык акылар эки этап: апрель жана сентябрь айларында көтөрүлөт. Апрелде - мугалим, дарыгер, маданият жана тейлөө тармагынын кызматкерлериники, а сентябрда – муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердики 50 пайыздан кем эмес жогорулатылат.  

Жылдык эсептөөлөр менен 57 миллиард сомго жакын кошумча каражат керек болот. Бирок 2026-жылы экинчи этап сентябрь айына белгиленгендиктен, келерки жылда 39 миллиард сом кошумча каражат керектелет. Экономика өсүп, бюджетке кошумча кирешелер түшүп турса эле айлык акыларды көтөрүп турабыз”, - деди Касымалиев.