Буга чейин ишкерлер тиешелүү тастыктамаларды топтоого 2-3 күндүк убактысын коротуп келсе, азыр анын баары ашып кетсе 2-3 саатта чечилет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Айтымында, санариптештирүү аркылуу көптөгөн көйгөйлөр, анын ичинде ишкерчиликке мүнөздүү маселелер чечилди.
“Ишкерлер тастыктама алуу үчүн көп убактысын коротуп келишкен. Булардын баарын жөнөкөйлөштүрүү максатында 100 күндүк тапшырма бердим, ал аткарылып жатат.
Ошондой эле Кытайдан бизге абдан көп товарлар келет жана аларды алып келген айдоочуларга 2-3 мамлекеттик органдан тастыктама керектелет. А алар аны топтоого бир жумадай убактысын кетиришкен. Бүгүнкү күндө баары санариптештирилип, эми керектүү тастыктамаларды 2-3 сааттын ичинде алып калышты. Анткени товарларды биз аркылуу өткөрүш үчүн айдоочуларга эң ыңгайлуу шарттарды түзүп беришибиз керек”, - деди.
Адылбек Касымалиев ушундай эле жеңилдетилген шарттар курулуш тармагына да берилгенин, учурда курулуш жасоого белсенген жарандар уруксат берүүчү документтерди мурдагыдай узакка күтпөй калышканын айтты:
"Буга чейин уруксатты жарым жылдан бир жылга чейин күтүүгө туура келчү. А азыр ири курулуштарга – 60 күн, орто курулуштарга – 30 күн, кичи курулуштарга – 20 күн гана мөөнөттө берилет".