Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын биринчи жыйынына катышты.

Ал депутаттарга өлкөнүн экономикалык абалы тууралуу маалымат берди. 

"Кыргызстан экономикасынын өсүү темпи боюнча дүйнөнүн алдыңкы 3 өлкөсүнүн катарына кошулду.

ИДПнын өсүү темпи 10 пайыз менен баратат. Консолидацияланган бюджет жылдын соңуна чейин 1,2 триллионго чыгат деп турабыз. Тышкы карыз ИДПга салыштырмалуу мурда 54 пайызды түзсө, азыр 25 пайыз, демек, оң натыйжа менен баратабыз. Өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгына коркунуч келтирчү эч нерсе жок. Тышкы карызды мөөнөтүнөн мурда төлөп салсак деле болот болчу. Бирок карыз алынып жаткандагы келишимге ылайык, мөөнөтүнөн эрте кутулуу бизге эч кандай пайда алып келбейт экен. Эрте төлөсөк, үстөк пайыздары көбөйөт жана айыппул төлөйбүз. Ошондуктан жыл сайын өз ченемдери менен төлөп отуруп кутулуп алабыз”, - деди Садыр Жапаров.