Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев өлкөнүн экономикалык жакшы көрсөткүчтөрүн "жасалма" деп эсептегендерге жооп берди.

"Үстүбүздөгү жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча, экономика 10,2 пайызга өстү. "Кумтөрдү" эсепке албаганда 11%га жогорулады. Кээ бир скептиктерге айтарым, мындай көрсөткүчтөр эл аралык стандарттарга жооп берет. Дүйнөлүк валюталык фонд менен Дүйнөлүк банк мунун аныктыгын тааныйт", — деди Сариев.

Ал "Инвестициялык багыт: мамлекет жана бизнес" форумунда сүйлөдү.

Булак: sputnik.kg