Улуттук банк 3-декабрда “Акча которуулар боюнча комиссиялык сый акы алууга убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө” токтом кабыл алды.

Ага ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин чет өлкөдөн которулган акча үчүн комиссия алууга тыюу салынат.

Документ керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана калк үчүн эсеп ачпастан, эл аралык акча которуу системалары аркылуу жүргүзүлгөн акча которууларды алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган.