Финансы министри Алмаз Бакетаев "Биринчи радионун" эфиринде Кыргызстандын экономикасынын өсүштөрүнүн себептерин тизмектеди.
Ал мындай туруктуулукка бир гана экономиканы алдыга жылдырууга жасалган аракет эмес, дагы да көптөгөн факторлор себеп болду деп эсептейт.
"Бизде азыр профицит. Буга кантип жетиштик? Экономика өскөндө, бардык тармактар иштейт, ал иштегенде салыктык түшүүлөр көбөйөт. Экономиканын өсүшүн коррупцияга каршы күрөш, санариптештирүү процесси шарттады. Абдан чоң комплекстүү иштер жасалды", - деди Алмаз Бакетаев.