Кыргызстанда 1200 мегаваттык Кара-Кече жылуулук электр борборун (ЖЭБ) куруу пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде “Кыргызкөмүр” ААКнын директору Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, бул долбоор өлкөнүн тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири болот, анткени буга чейин мындай масштабдагы объект курулган эмес.

«Жер тилкеси бөлүнүп берилди, станцияны 2030-жылга чейин куруу керек. Уюлма түтүн жана зыяндуу газдар чыгат деген маселелер болбойт, экологияга зыян келбейт. Жумгал районунун жашоочулары үчүн миңдеген жумуш орундары түзүлөт. Бул күнөскана чарбасын, өнөр жай объектилерин өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Биз туура багытта бара жатабыз", - деди Маматов.

Ал кошумчалагандай, Энергетика министрлиги буга чейин долбоор боюнча тендер жарыялаган. Кара-Кечеде көмүр казып алуунун кыйла өсүшү күтүлүүдө. Завод учурда жылына 1,5 миллион тонна өндүрсө, 2030-жылы бул көрсөткүч 7 миллион тоннага жетет деп күтүлүүдө.

Булак: Кабар