Каракөл шаарында курулуп жаткан жаңы ГЭСтин курулушу соңуна таяп калды. Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, «Чакан ГЭС» ААК тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоор 90 пайызга бүткөрүлдү.
Учурда негизги курулмалар – машиналык зал, суу алуучу жана суу чыгаруу түзүмдөрү, напордук суу түтүгү жана ГЭСтин имараты толугу менен даяр. Ошондой эле 110 кВ чыңалуудагы көмөк чордону жана аба электр берүү линиясы 100% бүткөрүлгөн.
Азыркы тапта релейдик коргоо жана автоматика системаларын, ошондой эле 10 кВ кабелдик тармактарды орнотуу иштери жүрүүдө.
Станциянын долбоордук кубаттуулугу – 18 МВт, ал эми жылдык өндүрүшү болжол менен 110 миллион кВт·саатты түзөт. Бардык курулуш жана монтаж иштери инвестициялык келишимдин негизиндеги графикке ылайык жүрүүдө.
Каракөл ГЭСинин ишке кириши 2025-жылдын аягына пландалууда.
Булак: koom.press