Учурда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 15 млрд долларга жакын, биз аны 30-40 млрд долларга жеткирүүнү пландап жатабыз, - деди тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Биринчи радионун" түз эфиринде.
Ал акыркы үч жылда Кыргызстандын тышкы саясатында чоң өзгөрүүлөр болгонун, көптөгөн өлкөлөр менен мамилелер чыңдалып, расмий визиттер менен алмашуулар болгонун, анын ичинде эки тараптуу стратегиялык мамилелер бекемделгенин белгиледи.
"Бул бир эле күндүн иши эмес, ар бир документтин артында министрликтердин, дипломаттардын, эксперттердин чоң эмгеги турат, мунун барын биз акырындап иретке келтирдик. Биринчи кезекте, коңшу өлкөлөр менен саясий, соода-экономикалык байланыштарды түздүк, ошондой эле Европа, Азия, Америка жана Япония өлкөлөрү менен болгон мамилелерди бекемдедик. Мунун баары президент Садыр Жапаровдун кылдат жетекчилиги астында ишке ашууда", - деп билдирди министр.
Ал Кытайга болгон 4 күндүк сапар жемиштүү өткөнүн, өлкөлөр ортосунда чоң долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалады.
"Торугарт" өткөрүү пунктунун тынымсыз иштеши боюнча маселелер талкууланды. Мындан тышкары, өткөн аптада президенттин катышуусунда Барскоон – Үчтурфан – Аксу унаа жолунун курулушун баштоо аземи өттү. Курулуш 2025-2028-жылдары ишке ашырылышы пландалган чоң кытай компаниялары менен бирге жүргүзүлүүдө. Бул Кыргызстан менен Кытайды бириктире турган үчүнчү чоң унаа жолу болот. Бул жерде чоң келечек бар.
Биринчи кезекте, Кытайдан туристтерди тартуу үчүн, экинчиден, Казакстанга транзиттик жүк ташуулар көбөйөт. Ошондой эле, Кытайга болгон сапардын алкагында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоору боюнча кеңири сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул аймактагы эң чоң долбоор, ага Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан, ошондой эле Азербайжан да кызыкдар", - деп билдирди Кулубаев.
Булак: Кабар