Генри Фордду кеңири тааныштыруунун зарылчылдыгы жок болсо керек. Бул кишинин тапкычтыгынын шарапаты менен биз бүгүнкү күндө автоунаалардын кызматын колдонуудабыз. Дүйнө адамдарынын жашоосун, катышын жеңилдеткен адам катардагы механик болуп күнүнө 10 сааттан иштеп, болгону 11 доллар айлык алган. Жумуштан келгенден кийин түн бир оокумга чейин өзүнүн устаканасында автоунаа кыймылдаткычынын жаңы түрүн ойлоп табуунун үстүндө эмгектенген. Атасы баласынын бул кылыгын “убакытты бекерге коротуу” деп эсептеген, ал эми кошуналары аны келесоо катары кабылдашкан. Бирок анын жаратуучулугу жогору бааланып, 19-кылымдын биринчи миллионерине айланган. Мына, ошол Генри Форд финансылык сабаттуулук боюнча бир катар кеңештерин калтырган. Алар төмөнкүлөр:

“Ийгиликсиздикке кабылуу – уят эмес. Ийгиликсиздикке кабылуудан коркуу – уят”

Эгерде кайсы бир ишти баштап, ийгиликсиздикке кабылсаңыз, бул эч нерсе эмес. Тескерисинче, бул дагы бир жолу байкаштырып көрүүгө берилген мүмкүнчүлүк, бул ирет тажрыйба менен. Башкысы – жыйынтык чыгарып, чечимиңизди туура тарапка колдонуңуз.

Эгер сиз алектенип жаткан ишиңизди чындап сүйсөңүз, аны эң чоң ийгиликсиздикке кабылсаңыз да таштабайсыз. Максатыңызга ишенимдүү болуңуз.

“Учак шамалга каршы учат”

Жашоонун кара тилкеси ар бир адамдын өмүрүндө болот. Мындай учурда бүт дүйнө сизге каршы болуп жаткандай туюлат. Айланаңызда жалаң гана сизге жакшылык каалабаган адамдар курчагандай сезесиз.

Эсиңизде болсун, учак шамалга каршы учат. Адамдар жана алардын негативдүү пикирлери сизди күчтүү кылат. Муну өзүңүздүн мүнөзүңүздү бышыруу катары кабыл алыңыз.

“Өз башы менен ойлонуу чынында кыйын, ошондуктан муну өтө аз адамдар жасайт”

Чоочун пикирлер жана жыйынтыктар сизге таасирин тийгизет. Сиз жаңылыктарды карап, аны айтып жаткан адамдын позициясын кабыл аласыз. Досуңуз менен баарлашып жатып, анын бизнес тууралуу ойлоруна ынана баштайсыз. Сиз өз өлкөңүздүн бийлигине ата-энеңиз кандай мамиле кылса, так ошондой мамиле жасайсыз.

Мунун баары шарттуу мисалдар, бирок ойлоп көрүңүз, аныгында өзүңүз эмне дейсиз? Эч кимге байланбаган жеке позицияңыз барбы? Канчалык оор болбосун, өз башыңыз менен ойлонуңуз.

“Адамдын күчүн жана убактысын алгың келсе, ага акча бер”

Бизнести баштоодо баары эле кантип акчаны үнөмдөп калууга болоорун ойлонушат. Анан кызматкерлерден үнөмдөө эң сонун идея деген жыйынтыкка келишет. Энергия жана убакыт үчүн төлөш керек. Сиз кимдир бирөө өзүн сиздин долбооруңуз үчүн курмандыкка чалууга даяр деп чындап эле ойлойсузбу?

Бизнесте такыр үнөмдөөгө болбой турган нерселер бар. Команда – алардын бири.

“Кечээги күн жана өткөн жума тууралуу ойлонбо”

Дүйнө болуп көрбөгөндөй тездик менен өзгөрүп турат. Кечээ жасалган нерсе бүгүн пайдасыз болушу мүмкүн. Азыр аткарылып жаткан иш кечке жуук актуалдуулугун жоготушу ыктымал. Ылдамдык өсүүдө. Ошондуктан өткөн тууралуу ойлоого убакыт коротпоңуз.

Келечек үчүн жашаңыз. Эч убакта сиздин башыңыздан өткөн нерселерге байланбаңыз. Жыйынтык чыгарыңыз, анан алдыга кадам таштаңыз. Дүйнө менен бир ыргакта болуңуз.

“Адамдын тарыхын эмес, өзүн жумушка алыңыз”

Чындыгында, адам кайдан келди – түрмөдөнбү же престиждүү университеттенби – эгерде анын жөндөмдөрү сиздин бизнесиңизге толугу менен ылайык келип жатса, айырмасы кайсы?

Талапкердин артыкчылыктарын жана кемчилигин кылдаттык менен байкаңыз, ал эми анын өткөнү тууралуу маалыматтар сизди эң аз кызыктырышы керек.

“Сизди эч ким көзөмөлдөбөсө да, ишти жакшы жана туура жасаңыз”

Көзөмөлгө алган учурда гана жумушту кылдат жана эреже боюнча жасоо – бул лицемерие. Биринчи кезекте өзүңүздү өзүңүз алдап жатасыз. Эгер сиз чындап эле алектенип жаткан ишиңизди сүйсөңүз, анда көзөмөл болбогон учурда дагы жакшы иштөөгө кызыкдарсыз.

Сапат деген ушу. Аракет кылуу – башкы көрсөткүч.