Качан жана эмне үчүн төлөө керек?
Кыймылсыз мүлккө жана жерге салыкты төлөө мөөнөтү – 2025-жылдын 1-сентябрына чейин.
Эмнелерге төлөнөт?
- коммерциялык ишмердүүлүккө колдонулбаган турак жайларга жана батирлерге;
- чарбалык, үй жанындагы жана короо жай жер участокторуна;
Салык өз убагында төлөнбөсө:
Айыппул: физикалык жактарга – 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом;
Туум: кечиктирилген ар бир күн үчүн 0,09% (3 жыл бою кошула берет).
Салыкты ким жана кантип эсептейт?
Буга чейин салык төлөөчүлөр эсепти өздөрү жүргүзчү. Азыр аны кыймылсыз мүлктөр тууралуу маалыматтар базасына кирүүгө мүмкүнчүлүк алган Салык кызматы жасайт – бул Кадастр кызматы менен интеграциялануудан улам жаралды.
Эмне өзгөрдү:
- кагаз эсептер, коэффициенттер жана бюрократиялык процедуралар жоюлду;
- салыкты эсептөө – объекттин аянтынын негизинде автоматтык түрдө болот;
- Салык кызматы төлөө мөөнөтүнө чейин 30 күн калганда билдирүү жөнөтөт;
- салыкты сумма көрсөтүлгөн электрондук кабинетте төлөмө болот.
Жеңилдиктер: ким эмнеден бошотулат?
Пенсионерлер чарба участокторуна болгон салыктан толук бошотулган – анын саны же аянты эсепке алынбайт.
Турак жайга жеңилдик:
- 80 м² чейинки батир же 150 м² чейинки үйгө (калктуу конуштардагы калктын санына жараша) - салык салынбайт, бирок бир гана объектке;
- Эгерде жарандын эки объектиси болсо (мисалы, 50 м² эки батир), жеңилдик бирөөсүнө гана тандалып колдонулат, экинчисине салык салынат.
Төмөнкүлөр бошотулат же 50% жеңилдикке ээ:
- Майыптар коому;
- Билим берүү, илим, маданият объектилери;
- Майыптар, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, Баткен окуяларынын катышуучулары.
Маанилүү: Эгерде турак жай ижарага берилсе, объект коммерциялык катары салык салынат жана салык жогорулайт.
Жер салыгы: жеңилдиктер барбы?
Жер тилкеси канчалык пайдаланылганына карабастан, толугу менен салык салынат.
Жер тилкесинин бир бөлүгү гана курулган болсо дагы, салык жалпы аянтка чегерилет.
Градация жок. Ставкалар регионго жараша болот: Бишкекте — 150 сом, башка шаарларда — 100 сом, айылдарда — 10 сом (салыктын базалык наркы).
Фермерлер 2030-жылга чейин айыл чарба багытындагы жер тилкелери боюнча жер салыгынан бошотулат.
Салыкты кантип төлөөгө болот?
Салык төлөөчүлөрдө салыкты төлөөнүн кеминде 5 ыкмасы бар:
- Салык төлөөчүнүн кабинети (суммасы жана эсеби ичинде бар);
- Салык мобилдик тиркемеси;
- Банктар;
- Почта;
- Аймактык салык органдары.
Бардык ыкмалар QR-код, карта же төлөм коду аркылуу төлөөгө мүмкүндүк берет.
Кабинетте төлөп эле тим болбостон, отчетторду да тапшырса болот.
Кабинеттин сыр сөзүн унутуп калдыңызбы? — Салык кызматы жаңы логин жана сыр сөз берет.
Транспорт салыгы эмне болот?
2025-жылдан тарта транспорт салыгы жоюлду.
Бул чечим жол фондуна түшүүчү күйүүчү майдын ар бир литринен 1 сом өлчөмүндөгү бирдиктүү жыйымдын киргизилишине байланыштуу кабыл алынды.
Маанилүүсү:
- айдоочулар транспорт салыгын төлөөдөн жана бардык топтолгон карыздардан бошотулат;
- эски карыздар боюнча мунапыс да каралган.
Кабарлоолор, эскертмелер, көзөмөл
Салык кызматы азыр:
- карыз жөнүндө смс-билдирүүлөрдү жөнөтөт;
- кадастр, банктар жана атүгүл сот аткаруучулар менен интеграцияланган;
- эгерде карыз төлөнбөсө, сотсуз эле автоматтык түрдө өндүрүп ала баштайт;
- 50 000 сомдон ашык карыз болсо, чет өлкөгө чыгууга чектөөлөр болушу мүмкүн.
Радио угуучулардын суроолору: салыкчынын жооптору
▶️ Эгерде окуу жай жерди ижарага берсе (ашкана үчүн) — жер салыгын төлөө керек, жерге жеңилдик берилбейт.
▶️ Эгерде пенсионер үйүн ижарага берсе — объект коммерциялык деп эсептелинет жана башка ставкалар боюнча салынат, ал тургай үй жанындагы жер участогуна салыктан бошотулган болсо дагы.
▶️ Эгерде объектти декларацияга киргизүүгө мүмкүн болбосо — такталган декларацияны тапшыруу керек (легализация мезгилинен тышкары 6 жылга чейин).
▶️ Ипотекалык батир — салык салынат, менчик ээси — карыз алуучу, банк эмес.
▶️ 43 м² устакана — турак жай эмес объект, коммерциялык деп эсептелинет, эсептөөнү тапшырып, салыкты төлөө керек. Тапшырбаганы үчүн — 3000 сом айып.