Кыргызстан эгемендүүлүк тарыхында алгач ирет чет өлкөлөргө үрөн экспорттоду. Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев жыл башынан бери аткарылган иштер боюнча жыйында билдирди.

Анын айтымында, быйыл Россияга 40 тонна беденин үрөнү, ал эми Японияга 1,6 тонна ашкабактын үрөнү экспорттолду.

Министр белгилегендей, 2024-жылдын алгачкы алты айында сапаттуу үрөн жана көчөт даярдоого өзгөчө басым жасалды. Натыйжада:

- 4 050 тонна жазгы үрөн даярдалды;  

- 2 653 үрөн алуучу катталды — былтыркыга салыштырмалуу 2 эсе көп;  

- 12 млн 152 миң көчөт өстүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 3 эсеге өстү (279,8%);  

- Көчөт импортунун көлөмү азайды;  

- 22 жаңы көчөт питомниги түзүлдү.

Бул аракеттер өлкөнүн айыл чарбасын чыңдап, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.

Булак: koom.press