Бишкекте уруксаты жок жана каттоодон өтпөй иштеген эмерек чыгаруучу эки цех аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, салыкчылар рейд жүргүзүп, Биринчи май районундагы өндүрүш жана кампаларды текшерген.
"Жыйынтыгында салык органдарында каттоосу жок иш жүргүзгөн эмерек жасоочу эки цех аныкталды. Тиешелүү актылар түзүлүп, кошумча териштирүү иштери башталды", — деп айтылат маалыматта.
Салык кызматы маалымдагандай, жыл башынан бери жүргүзүлгөн рейддерде өлкө боюнча жалпысынан 1458 мыйзам бузуу аныкталып, жалпы 1,8 миллион сомго 1 204 айып салынган.
Булак: Спутник