"Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын январь-февраль айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бюджеттерине 54,1 млн сом каржыланган.

Финансы министрлигинин маалыматына караганда, алар:

-          теңдөөчү трансферттер – 39,1 млн сом;

-          электр энергиясына болгон 50% компенсацияга – 9,8 млн сом;

-          жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 5,2 млн сом каржыланган.