2024-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Календеров Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Года Хидэки мырза менен жана Япониянын экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин Россия, Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү боюнча департаментинин директору Масаси Ватанабе мырзанын Кыргыз Республикасына расмий визитинин алкагында жолугушту.

Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн ийгиликтүү тенденцияларын белгилешти жана достук мамилелердин мындан ары да бекемделишине үмүт артышты, ошондой эле ар кандай тармактарда артыкчылыктуу долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүп жаткан япон компаниялары үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан мамлекеттик кепилдиктерди берүү маселесин талкуулашты.

Эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн япон тарап Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин кызматкерлери үчүн энергетикалык багытта Кыргыз Республикасынын Адам ресурстарын өнүктүрүү алкагында бир катар окутуучу семинарларды өткөрүүнү сунуш кылды,  жогоруда белгиленген демилге Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Календеров тарабынан колдоого алынды.