2023-жылы Германия өнүктүрүү банкынын көмөгү менен “Кургак учук менен күрөшүү программасы-V” долбоорунун алкагында 6,5 миллион евро гранттык каражаттардын эсебинен Бишкек шаарында жаңы жабдуулар менен жабдылган кургак учукка каршы оорукана ачылган.

Учурда оорукана 128 койка-орунга ылайыкташып, кургак учуктун бардык түрлөрүн диагностикалоо жана дарылоону камсыз кылат.