Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасынын бир аз жогорулашы Россиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордо сатуу бааларынын жогорулашына байланыштуу экенин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы түшүндүрдү.

Мекеменин маалыматына караганда, бул өз кезегинде коңшу мамлекеттерде жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшүндө суроо-талаптын өсүшү менен байланыштуу болууда.

Коңшу мамлекеттер, анын ичинде Өзбекстан жана Тажикстан Россия Федерациясынын мунай иштетүүчү заводдорунан бензин жана дизель майын сатып алышат. Учурда бензин жана дизель майы рыногунда абал туруктуу. Нефть продуктыларын ташып келүү план боюнча үзгүлтүксүз аткарылып жатат. Эч кандай тартыштык жок экенин аталган кызмат белгиледи.

22-февралда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен нефтетрейдерлердин ортосундагы мунай продуктулары рыногунда кызматташуу боюнча макулдашуунун алкагында айыл-чарба азыктарын өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу майдын керектүү көлөмү менен камсыз кылуу боюнча жумушчу жыйын өттү.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы айыл-чарба өндүрүүчүлөрүнө сезондук жеңилдиктерди берүү менен зарыл болгон күйүүчү май запасын камсыз кылууга кепилдик берет.