2023-жылдын тогуз айында кыргызстандыктардын реалдуу акчалай кирешеси өскөн. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитет билдирди.
Анда айтылгандай, өткөн жылдын январь-сентябрь айларында калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 515,8 млрд. сомду түздү. Бул мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11 пайызга көбөйгөн.
Калктын адам башына эсептелген кирешеси (милдеттүү төлөмдөрдөн кийин) айына 9 425 сомду түзгөнү айтылат.