Айыл чарба министрлиги билдиргендей, «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы №22- тескемеси менен долбоор кабыл алынды.
Бул долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик 2 коммерциялык банкы катышууда. Кредиттөөнүн көлөмү 7 млрд сомду түздү. Долбоордун алкагында 2 багыт боюнча насыя каралган, ал «мал чарбасы» жана «өсүмдүк өстүрүү» категориясы.