Бишкек шаарындагы батирлердин чарчы метринин наркы 2023-жылы 2022-жылга салыштырмалуу 18,9 пайызга өскөнүн Жер ресурстары кызматы билдирди.
2023- жылы Бишкек шаарында өткөн жылга салыштырмалуу (2022-ж) батирлер рыногунда сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүнүн санынын төмөндөөсү байкалган.
Бишкек шаарында жалпысынан бир бөлмөлүү батирлер 20,3 пайызга, эки бөлмөлүү батирлер 19,1 пайызга, үч бөлмөлүү батирлер 16,8 пайызга жана жеке типтеги төрт бөлмөлүү батирлер 15,1 пайызга кымбаттаган.