2023-жылы Кыргызстан боюнча 4 миң 736 ишкер "Кепилдик фонд" ААКнын кызматынан пайдаланган. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда айтылгандай, жалпысынан өткөн жылы ишкерлер өнөктөш банктардын кепилдиги менен 8 млрд 26 млн сом өлчөмүндө кредит алышкан. Бизнеске 2 млрд 821 млн сом өлчөмүндө кепилдик колдоо көрсөтүлдү. Берилген кепилдиктердин жалпы санынын 90 пайызы дээрлик 2,1 млрд сом суммасында өлкөнүн аймактарында ишердикти өнүктүрүүгө багытталган.

Мисалы,  Жалал-Абад облусунун ишкерлерине 401 миллион сомдук 1000ден ашык кепилдиктер берилген. Ош облусунун жана Ош шаарындагы бизнеске 385 млн сом суммасында 814 кепилдик берилген. Чүй облусунун ишкерлерине 534 млн сом суммасында 643 кепилдик берилсе, Ысык-Көл облусуна — 221 млн сом суммасында 497 кепилдик,  Баткен облусуна — 204 млн сом суммасында 486 кепилдик, Талас облусу – 223 млн сомдук 425 кепилдик болуп, Нарын облусу 129 млн сомдук 389 кепилдикти пайдаланышкан.

Кепилдик берүүнүн артыкчылыктуу багыттары айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өндүрүш жана туризм индустриясы бойдон калууда.