Өткөн жылы Кыргызстандын экономикасына Казакстан тарабынан 55 миллион доллар салым болгонун, ал эми инвестициялардын жалпы көлөмү 1,3 миллиард доллардан ашканын коңшу өлкөнүн тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу билдирди.
Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Анда айтылгандай, Нуртлеу Казакстан Кыргызстан үчүн үчүнчү соода өнөктөшү болоорун белгилеген.
"Мамлекет башчыларынын тапшырмасы менен биз эки тараптык сооданы 2 миллиард долларга жеткирүүнү пландап жатабыз. Кыргызстан Казакстан үчүн КМШ жана ЕАЭБ алкагындагы негизги соода өнөктөшү болуп эсептелинет. Биз жакшы перспективаны көрүп жатабыз жана тамак-аш, өндүрүш, нефтехимиялык, курулуш жана фармацевтикалык тармактардагы 200 товардык позиция боюнча 260 миллион доллардык экспортту көбөйтүүгө умтулуудабыз. Бул жылы казакстандык инвесторлордун бири биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 70 миллион доллар салууга даяр", - деп айткан тышкы иштер министри.
Ошондой эле, Бишкекке болгон сапарында аймактык мүнөздөгү маселелер талкууланганын, ал боюнча эки тараптын позициясы дал келгенин белгилеген.