Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 30-январда экинчи Улуттук салык форумунда ведомствонун 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы, салыктык башкаруу, ошондой эле санариптик инструменттерди киргизүү тууралуу айтып берди.

Анын айтымында 2023-жылы 249,4 млрд сом суммасында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналып, болжолдук көрсөткүч 3 млрд сомго ашык аткарылды. Ал эми 2022-жылга салыштырмалуу 41,3 млрд сомго көп.

"Акыркы 3 жылда салыктардын жыйымы кыйла өстү, бул бизнес менен мамлекеттик түзүмдөрдүн натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн, ошондой эле салыктык башкарууну жакшыртуунун жана күчөтүүнүн аркасында экономиканын формалдуу эмес секторунун кыскаргандыгын көрсөтүп турат", – деди А.Абдувапов.

Электрондук эсеп-фактура, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, ККМ-онлайн сыяктуу "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлорун жана башка инновациялык компоненттерди ийгиликтүү ишке ашыруу салык жыйымдарын көбөйтүүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналат.

2023-жылы жеке ишкерлерди онлайн каттоону жана салыктарды онлайн төлөө системасын киргизүү салыктык башкаруу процесстерин кыйла жакшыртууга өбөлгө түздү.

ККМди колдонуу жаатында да олуттуу прогресс байкалды, бүгүнкү күндө алардын саны 74 миңден ашып, акыркы үч жылда 3 эсеге көбөйдү.

Salyk.kg мобилдик тиркемеси салык процесстери менен өз ара аракеттенүүнү ыңгайлуу жана натыйжалуу кылуу менен санариптик трансформациянын маанилүү этабы болуп калды. Salyk.kg тиркемесин колдонуу менен салыктарды төлөө, электрондук патент жана камсыздандыруу полиси, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз менен иштөө, маалымкаттарды алуу, карыздарды текшерүү жана башка көптөгөн операцияларды онлайн режиминде аткарууга болот.

Салык кызматы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды ташып келүүнү жана өлкөнүн аймагында товарлардын жүгүртүлүшүн контролдоого өзгөчө көңүл бурууда. Салык кызматынын маалыматтык системалары товарлардын жүгүртүлүшүн башынан аягына чейин көзөмөлдөп, ачык-айкын жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылат.

"Товарларды импорттоодо же өндүрүүдө алар виртуалдык кампага келип түшөт, бул бизге акыркы керектөөчүгө сатылганга же өлкөнүн аймагынан чыгарылганга чейин субъекттердин ортосундагы бардык кыймылын көрүүгө мүмкүндүк берет", – деп белгиледи МСКнын башчысы.

Салык кызматынын төрагасы салык системасын мындан ары өркүндөтүү жана салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу артыкчылыкта кала берерин баса белгиледи. Ошондой эле, ал ишкерлерди өлкөнүн жалпы өнүгүү процессине катышуусунун зарылдыгын белгилеп, Салык кызматынын санариптик долбоорлорунун алкагында активдүү өз ара аракеттенүүгө чакырды.