2023-жылдын январь-август айларында ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө эмгек акынын  өсүшүн салыштырып келгенде  Кыргызстан алдыңкы 3 мамлекеттин катарына кирген. Бул тууралуу КР Финансы министрлиги билдирди. 

Андагы маалыматка таянсак, өлкөнүн экономикасынын өсүп жаткандыгы эки көрсөткүчтөн белгилүү болгон. 

1. 2023-жылдын январь-август айларында ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө эмгек акынын эң жогорку өсүш темпи Арменияда – 113,9%, Кыргызстанда – 112,2% жана Беларуста – 109,3% катталган. Кыргызстан алдыңкы 3 мамлекеттин катарына кирген.
2. 2020-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 247,7 миллиард сомдун айланасында болсо, 2023-жылы консолидацияланган бюджет 574,5 миллиард сомдон ашты. Мамлекеттин ички дүң продукциясы триллиондук чектен өттү.