Кыргызстанда мындан ары жыл профициттер менен гана жабылат. Бул тууралуу  Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өтүп жаткан жыйында билдирди. 

Анын айтымында, 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 млрд сом болду. Республикалык бюджетте профициттин көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча, 13,9 млрд сомду түздү.

"Мындай профицит – биздин тарыхыбызда эң чоң көрсөткүчтөрдүн бири. Мындан ары профициттер менен гана жылды жабабыз", - деди Акылбек Жапаров. 

Ошондой эле жакынкы 3 жылдын аралыгында 1 триллион деген тарыхый көрсөткүчтү алышыбыз керектигин белгиледи.