2023-жылы экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүү тенденциясы сакталганын Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Ал 2023-жылдын январь-декабрь айларында алдын ала баалоо боюнча, ички дүң продукциянын көлөмү 1,2 трлн сомду түзгөнүн, 2022-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу өсүү 6,2 пайызга жеткенин белгиледи.

"Өсүүнү тейлөө тармагы – дээрлик 50,8 пайыз, өнөр жай – 32,3 пайыз, таза салык – 16,9 пайыз камсыз кылган", - деди ал.