Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Москва шаарында (Россия Федерациясы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров россиялык тарапка, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустинге салттуу меймандостугу жана Россиянын борборунда өтүп жаткан жыйындын мазмундуу программасы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Кыргызстандын КМШдагы төрагалыгынын жыйынтыгын кыскача жыйынтыктап жатып, биринчи кезекте биздин ишибизде негизги басым аймактагы ишенимди жана коопсуздукту чыңдоого, экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле Шериктештиктин ыйгарым укуктарын жогорулатууга багытталганын белгилегим келет.

Жакында эле октябрь, ноябрь айларында Бишкекте Мамлекет башчыларынын саммити, КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана парламенттеринин жыйындары болуп өттү.

Биз бирикменин алкагында өз ара кызматташууга болгон жалпы каалообузду канааттануу менен белгиледик жана КМШнын алкагында терең өнөктөштүк боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге оң баа бердик.

КМШ мейкиндигинде интеграциялык процесстер мезгилдин чакырыктарына толук жооп берээрин белгилегим келет.

Жыл сайын жаңы идеялар жана демилгелер пайда болуп, күн тартиби жаңы багыттар менен толукталып, Шериктештиктин ченемдик укуктук жана программалык базасы дайыма жаңыланып турат.

Экономикалык интеграциянын чөйрөсүн андан ары кеңейтүүгө оң таасирин тийгизүү жана экономиканы өнүктүрүү үчүн кызмат көрсөтүү секторунун маанилүүлүгүн колдонуу үчүн ушул жылдын июнь айында кабыл алган Кызмат көрсөтүүлөрдү, ишканаларды, ишмердүулүктү жана инвестицияларды эркин соодалоо жөнүндөгү макулдашууну активдүү улантуу керек деп эсептейбиз. 

Кызмат көрсөтүүлөрдүн өз ара соодасын кеңейтүү жана аны либералдаштыруу деңгээлин жогорулатуу, КМШ мамлекеттеринин инвестициялык кызматташтыгын жакшыртуу үчүн бардык шарттарды түзүү керек.

Биргелешкен инновациялык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен күч-аракеттер аркылуу гана Шериктештиктин жалпы экономикасында импорттук компоненттерге көз карандылыкты азайта аларыбызды баса белгилегим келет.

Баарына маалым болгондой, жакында эле 2023-жылдын 8-декабрында өткөрүлгөн КМШнын Экономикалык кеңешинин 100-мааракелик жыйынында бир катар абдан маанилүү чечимдер жана документтер кабыл алынган, алардын бири КМШга мүчө мамлекеттердин өз ара соодасындагы тоскоолдуктарды жоюу жана алар боюнча сунуштар. 

Чек аралардагы ар кандай тоскоолдуктарды жана текшерүүлөрдү азайтуу, иштеп жаткан транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана жаңысын түзүү боюнча биргелешкен чараларды көрүү зарыл деп эсептейм”, - деди А.Жапаров.