Төлөм уюму жоопкерчиликке тартылганын Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарды бузгандыгы үчүн төлөм уюму жоопкерчиликке тартылды.
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (ТИК/ККЛК) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу жана операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн, ошондой эле контролдоого жана кабарлоого тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүү талаптарын, тартибин жана мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 355-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы төлөм уюмуна жалпы суммасы 1 млн 152 миң сом өлчөмүндөгү 18 айып пул салды.