Памирдер көчүп келген кыргыздарга тамак-аш азыктары, кийим,  дары-дармек жана башка тиричилик буюмдары менен камсыз кылуу максатында республикалык бюджеттен Ош облусунун Чон-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2 млн сом бөлүнүп  берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Мындан тышкары, капиталдык салымдар беренеси боюнча:

Ош облусунун Чоң-Алай районуна Кичи жана Улуу Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн турак жайларды курууга 2023-жылдын 30-августундагы №511-т тескемеге ылайык, республикалык бюджеттен 80 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө каралган сумма толугу менен (100%) бөлүндү.