“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору бекитилген.

Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Долбоордун алкагында республиканын 7 336 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 297,9 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөө көлөмү 3,3 млрд сом.