Акчаңызды мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестирлөөгө убакыт келип жетти. Көпчүлүк субъекттер ашыкча акчасын эмне кылууну билбей, аны адат болуп калгандай банктарга депозитке салышат. Бирок бүгүнкү күнү депозиттен дагы ыңгайлуу жана кирешелүү багыт пайда болду. Ал – мамлекеттик баалуу кагаз. Ага акча салуунун тобокелчилиги жок, анткени анын кайтарылышы мамлекет тарабынан кепилдендирилет.

2022-жылдын ноябрь айында Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынган, анда 2023-жылдын январь айынан тартып чыгарылган мамлекеттик казыналык векселдерди жана мамлекеттик казыналык облигацияларды Кыргыз фонд биржасына эки жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен чыгаруу бекитилген.

Министрлер Кабинетинин бул чечими мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун ички жана тышкы инвесторлорго жеткиликтүү кылуу максатында кабыл алынган.

Мамлекеттик баалуу кагаздарды (МБК) ким чыгарат? Анын эмитенти – Кыргызстандын Финансы министрлиги. МБК жарактуу мөөнөтүнө карай кыска мөөнөттүү – мамлекеттик казына вексели жана узак мөөнөттүү – мамлекеттик казына облигациясы болуп бөлүнөт.

Кыска мөөнөттүү – 12 ай. 1 даанасынын номиналы 100 сом турат. Узак мөөнөттүү – 1 жылдан айрым учурда 2 жылга чейин – номиналдык наркы чыгарылган учурда эмитент тарабынан аныкталат.

Кыска мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздан канча киреше табууга болот? Орточо эсеп менен алганда жылына 13,8 – 14 пайыз. Ал дисконт менен сатылат, башкача айтканда номиналдан ылдый баада болуп калышы мүмкүн, дисконт аукцион учурунда мисалы, 86-87 сом деп аныктайт. А кайтарылышы номиналдын наркы – 100 сом менен жүргүзүлөт. Мисалы, 1000 даананы 86 сом менен сатып алган учурда, сатып алган тарап 14 миң сом пайда көрөт. Анткени бир жылдан соң эмитент 100 000 сом кайтарат. Бул калкка топтогон жеке акчасын көбөйтүп алууга жакшы мүмкүнчүлүк.

Ал эми узак мөөнөттүүнүн кирешеси кайтаруу маалында орточо эсеп менен 15-15,3 пайызды түзөт.  Бул - эки жыл колдонулуучу купон баалуу кагазы. Ал дагы дисконт менен сатылат, анда да номиналдан ылдый баа болот, аукцион учурунда 82-82 сом болсо, кайтаруу 100 сом менен жүргүзүлөт. Кошумча катары 5 пайыз өлчөмүндө купондук киреше берилет. Мисалы, 1000 даананы 82 сомдон сатып алсаңыз, 82 миң сом коротосуз. А кайтаруу маалында 100 сом менен эсептелгендиктен, колуңузга 100 миң сом тиет, ошондо 18 миң сом киреше табасыз. Ага кошумча 10 миң сом купондук киреше аласыз. Ошондо эки жылга 82 миң сом салуу менен кошумча 28 миң сом табасыз.

Мамлекеттик баалуу кагазды алууну каалагандар Кыргызстандагы каалаган коммерциялык банктарга кайрылса болот.