Кыргызстандагы жеке компаниялардын 12 пайызы гана бизнес-ассоциацияларга кошулган. Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Айрыкча аймактагы ишкерлер чачыранды болуп, башы бирикпей жүрөт. Анын да себеби бар: өлкөнүн укук талаасында өз кызыкчылыктарын коргоо максатында ассоциация түптөөгө айрымдарынын убактысы да, каражаты да жетишпейт. Мындай көрүнүш ар кандай жагдайлар жаралган маалда ишкерлердин кызыкчылыгын коргоону кыйындатат.
Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев өлкөдө иштеп жаткан бизнес-ассоциациялар атамекендик өндүрүшчүлөргө тиешелүү маселелерди чечүүдө активдүү роль ойноп жатканын белгиледи.
“Бул жаатта Европалык банк дагы жардам көрсөтүүдө. Анын жардамы менен кеңештин курамын жаңыладык, бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча аймактык кеңештердин ишин жакшыртууну да көздөп жатабыз. Жеринде ишти жөнгө салуу, маселени түшүндүрүү багытында иш алып барган адистерди күчтөндүрөбүз”, - деди ал.