2022-жылдын башынан бери жана ушул жылдын 13-ноябрына карата «Микро, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо» долбоорунун алкагында Кепилдик фонду ишкерлерге 1,5 миллиард сомдон ашык суммага 4 160 портфелдик кепилдиктерди бергенин аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка караганда, өнөктөш банктар тарабынан ишкерлерге 3.2 миллиард сомдон ашык насыя берилди.

Портфелдик тобокелдикти бөлүштүрүү механизми финансы-кредиттик мекемелерге кредиттин кайтарылбай калуу тобокелдигин азайтууга мүмкүндүк берет жана кредиттик процедураларды жумшартат.