КР Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы мыйзам бузууларды аныктоо боюнча бир катар иш-чараларды өткөрдү. Микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Маалыматка караганда, ички контроль тутумун уюштуруу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар жоопкерчиликке тартылган. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ички контроль тутумун уюштуруу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн (ички контроль программасын колдонуу, тобокелдикке багытталган мамилелерди колдонуу, кардарды талаптагыдай текшерүүнү колдонуу), Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 355-беренесине 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга жалпы суммасы 110 миң сом өлчөмүндөгү 2 айып пул салган.