Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев “2008-жылдын Улуттук эсептер системасынын эл аралык стандартына ылайык ИДПнын көрсөткүчтөрүн жаңылоо жөнүндө” аталышындагы тегерек столго катышты.

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары статистикалык маалыматтардын аркасында өлкөнүн өнүгүү тенденцияларын аныктоо жана негизделген башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтык база түзүлүп жатканын белгиледи.

“Экономиканын абалын талдоо үчүн негизги көрсөткүчтөрдүн бири өлкөнүн ички дүң продуктусу, ал экономиканын бардык тармактарынын комплекстүү жыйынды көрсөткүчү болуп саналат. УЭС-2008 стандарттары ИДПнын темпине, көлөмүнө жана түзүмүнө таасир этүүчү өзгөрүүлөрдү эске алып, сапаттуу жана ишенимдүү натыйжаларды алууга, ошондой эле эл аралык деңгээлде бардык көрсөткүчтөрдү салыштырууга мүмкүндүк берет. Бул системага өтүү биз үчүн маанилүү болду”, - деди Адылбек Касымалиев.

Ал кошумчалагандай, өлкөдө жана дүйнөдө санариптештирүү жаатында болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн фонунда “Улуттук статистика маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча жаңы технологияларды киргизүү аркылуу мезгилдин талабына жооп бериши керек”.

“Улуттук статистика комитетинин ишмердүүлүгүн санариптештирүү артыкчылыктуу багыттардын бири. Санариптик трансформация маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана талдоо процесстерин тездетет жана жакшыртат, статистикалык маалыматтардын тактыгын жана ишенимдүүлүгүн, кабыл алынган чечимдердин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатат жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтөт”, - деп жыйынтыктады МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары.

Белгилей кетсек, УЭС-2008 стандарттарына ылайык негизги өзгөртүүлөргө өтүү боюнча иш 2017-жылдын июнунда Дүйнөлүк банктын “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында башталган.

Жаңы системага ылайык, иш барагынын шаблондору толугу менен өзгөртүлдү жана УЭС-2008 стандарттары боюнча 2019-2022-жылдарга ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП боюнча жылдык маалыматтар (учурдагы жана салыштырма баада) түзүлдү.

Ошондой эле ИДПнын көрсөткүчтөрүн жаңы стандарттарга ылайык өндүрүш ыкмасы менен кайра эсептөөнү айлар боюнча аяктоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү.