Кыргызстандын гана тышкы карызы көп десеңиз жаңыласыз. Дүйнө элин суктандырган Улуу держава Американын биз ойлогондон да карызы оголе көп. Алар – инфраструктураны оңдоого, социалдык обьекттерди, жолдорду курууга, пенсия-пособия сыяктуу социалдык төлөмдөрдү төлөө үчүн болуп көрбөгөндөй көп суммадагы карыз алган. Улам бири алып отуруп учурда тышкы карыздын көлөмү пикке жетти.

Сырттан карыз албай жашайм деген мамлекет салыктардан түшкөн акча менен өзүн-өзү багышы керек. А бул жерде чыгымдар салыктардан түшкөн акчадан алда канча көп болуп кеткен.

АКШ өлкөсү короткон чыгашалардын жылдык көлөмү 13 пайызга өсүп, ал эми кирешесинин өлчөмү 3 пайызга түшүп кеткен. Мунун жыйынтыгында бюджетте дефицит пайда болгон. Былтыркы жылга салыштырмалуу, быйыл АКШнын бюджетинин таңсыктыгы 96 пайызга өскөн. Алар бул жылы тышкы карызына 900млрд доллар гана төлөөгө мүмкүнчүлүгү жетет. Бирок бул тышкы карызга берилүүчү сумманын үстөк пайызы гана.

2023-жылы 2022-жылга салыштырмалуу 430 млрд долларга көп каражат короткон. А бул өлкөнүн тышкы карызы туу чокуга жетти дегенди билдирет. Акыркы 20 жылда Американын карызы 400 пайызга өскөн. Бирок жакын арада бул карыздардан кутуулууга мүмкүнчүлүк жок экенин адистер баса белгилешет. Бул көрүнүш өлкөнү экономикалык кыйроого алып келиши толук мүмкүн.

Ал эми Кыргызстандын тышкы карызы 2004-жылы 3,1 млрд сом, 2008-жылы 5 млрд сом, 2011-жылы 9,4 млрд сом, 2017-жылы 20,6 млрд сом, 2019-жылы 28,1 млрд сом төлөнгөн. Жыл сайын карызды төлөөнүн көлөмү графикке ылайык өсүп келе жатат.

2022-жылы 33,6 млрд сом карызды төлөндү. Быйыл 48,6 млрд сом төлөнөт. Алдыңкы 2024-жылга 64,7 млрд сом, 2025-жылга 75,1 млрд сом төлөө милдеттенмеси жүктөлгөн. Көп сумма бекен? Бирок аларды өз убагында төлөөгө мамлекеттин бюджетинин күчү толугу менен жетет. Кезинде тышкы карызды төлөөгө мүмкүнчүлүк жок. Кантип кутулабыз деп президенттер да кол куушурган. Эгер карызды төлөй албай калсак, жерибизди, стратегиялык обьектилерди беребизби деген жүрөксүнүү пайда болгон. Себеби ошол кездеги бийлик башчылары жалпы элдин тагдырына жооп берип, ушундай убадаларды берип коюшкан.

Учурда өлкөнүн тышкы карызы 4,5 млрд долларды түзөт. Бул бүгүн же 2-3 жыл аралыгында алынган карыз эмес, мамлекет эгемендик алган жылдардан бери топтолуп келип ушунча болду. Улам бир бийлик келип карыз алып, каалагандай коротуп, максаттуу жумшабай, төлөгөндү ойлонуп да койбой кете беришкен.
Карыздарды төлөө мөөнөтү азыркыга туура келип жатат. Мурдагылар алган карыздарды азыркы Садыр Жапаров башында турган бийлик төлөп баштады.

Эң өкүнүчтүүсү милларддаган долларлар алынса дагы, көзгө көрүнөрлүк бир долбоор жасалган эмес . Пандемия таасир берген дүйнөлүк экономикалык кризистен сырткары, эки жолу чек арага куралдуу кол салуудан улам миллардаган каражаттар Баткенди кайра калыбына келтирүүгө жумшалды. Ага карабай карыз өз убагында төлөнүп жатат.
Тышкы карызды гана төлөбөстөн, мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө, инфраструктурасын оңдоого, айлык, пособия, пенсияларды көтөрүп, аскердик техникалар алынып жатат.

Булак: Абал.kg