Контейнер менен жүк ташуу 2 эсе бат жана 15-30 эсе көп: Орусия жана Евразия өлкөлөрү «Түндүк-Түштүк» транспорттук коридорун өнүктүрүүнү масштабдуу пландаштырууда. 

Долбоор Азия, Перс булуӊ, Чыгыш Африка өлкөлөрүн курчашы жана дүйнөлүк логистиканы өзгөртүүшү мүмкүн. Кененирээк 18-майда Казанда «Орусия – Ислам дүйнөсү: KazanForum 2023» ХIV Эл аралык экономикалык форумунда талкууланат. Иш чара 72 өлкөнүн өкүлдөрүн чогултат.

Ислам экономикасынын өсүшү билинип турат, анын активдеринин көлөмү - 3,5 трлн. $дан жогору. Жаӊы мүмкүнчүлүктөрдүн өсүшү Орусия менен сооданын өнүгүшүн ачат, Орусияда 20 млндон ашык мусулман жашайт, ислам мамлекеттери үчүн импорт нишалары пайда болушу мүмкүн. Көп компаниялар «түндүк» багытты активдүү колдонуп жатышат, акыркы үч жылдарда Ислам Шериктеш Уюмунун өлкөлөрү менен Орусия аймактарынын товар айланымы 30 %га өстү, 100 млрд. $дан ашты.   

Россия Федерациясынын жана Ислам дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн экспорт мүмкүнчүлүктөрү өсүп жатат, ошондой эле Халал продукциялары өсүп жатат. Айыл чарба кооперацияларында, IT тармагында, энергетикада, өнөр жайда перспективалар бар.

Долбоорлордун жетишкендигин жаӊы логистика камсыз кылат: ылдамдуу, жогору өткөрүүчү жана жиксиз жүк ташуу маршруттары. Ал үчүн Евразия мейкиндигинде жалпы транспорттук каркастын түзүлүшү сунуштулууда, континенттин борбордук жана түштүк өлкөлөрүн байланыштырган заманбап эл аралык транспорттук тармак. Негизги логистикалык долбоор – «Түндүк-Түштүк» эл аралык транспорттук коридору («Түндүк-Түштүк» ЭТК). Түндүк Европа, Россия, ЕАЭК өлкөлөрүн Перс булуӊу жана Индия океаны менен байланыштырганга тартууланган.

«Түндүк-Түштүк» ЭТК башка транспорттук коридорлордон негизги артыкчылыгы: товар жеткирүү мөөнөтүнүн кыскартылышы (Европадан Индияга Суэц каналына караганда жүк эки эсе бат жеткирилет), маршрут тандоо зор мүмкүнчүлүгү (Кавказ, Орто Азия өлкөлөрү же Каспий аралы аркылуу), жеткирип берүүнүн ыӊгайлуу түрүн тандоо (коридор темир жол, автоунаа, суу транспортун камтыйт).

Маршруттардын ар түрдүүлүгү «Түндүк-Түштүк» ЭТК долбооруна Евразиянын транспорттук коридорлору менен кездешүүгө мүмкүндүк берет. Инфраструктуранын жаӊыланышы менен бүткүл континентти жана Африка өлкөлөрүн курчаган «жиксиз» транспорттук тармак пайда болот.

«Евразия Өнүктүрүү Банкынын» баалоосу боюнча 2030-жылга «Түндүк-Түштүк» ЭТК маршруту менен контейнердик жүк ташуунун саны бир жылда 11,9 млн тоннага же 662 миӊ ДФЭге чейин өсүшү мүмкүн (стандарттуу жыйырма фут ISO-контейнердин көлөмү), жүктүн жалпы көлөмү 24,7 млн го чейин өсүшү мүмкүн.

Эл аралык коридордун логистикалык инфраструктурасына инвестициялоо келечекте ислам бизнеси үчүн чоӊ мүмкүнчүлүктөрдү ачат. 2030-жылга чейин "Түндүк-Түштүк" ЭТК ченеминде 38 млрд $дан ашуун суммага 100дөн ашык инвест долбоорлор ишке ашып жатат жана пландаштырылган.  

KazanForum 2022 жыйынтыгы менен Евразиялык транспорттук каркас кезектеги маанилүү инфраструктуралык объекти алды: «Агроэкспресс-Казань» борборунун дүӊ бөлүштүрүүчү аянты – орусиялык азык-түлүктөрдү Казакстанга, Өзбекстанга, Иранга, Кытайга жана Жакынкы Чыгышка ылдам контейнердик поезддер менен жеткирүү кызматы.

Чоӊ логистикалык долбоор «Орусия – Ислам дүйнөсү» стратегиялык көз караш тобунун катышуусу жана KazanForum ченеминдеги эл аралык макулдашуулардын негизинде ишке ашып жатат. KazanForum 2023үн катышуучулары жана эксперттери Чоӊ Евразиянын экономикасынын өнүгүүсүндө, экспорттук логистикасынын негизинде ЭТК жаӊы мүмкүнчүлүктөрүн талкууга алышат. 

«Логистика» тууралуу бир нече сессия өткөрүлөт:

  • «Түндүк-Түштүк» ЭТК. Орусия – Чыгыш: логистика, импорт-экспорт»;
  • «Тармак арасындагы кооперация «логистика – өндүрүү – соода» тышкы соода байланыштарын кеӊейтүү инструменти»;
  • «Логистикалык кызматтар. Ийгиликтүү тажрыйбалар».  

Маалымат: "Орусия - Ислам дүйнөсү Эл аралык экономикалык форуму: KazanForum" Орусия менен ислам дүйнө мамлекеттеринин кызматташуусуна негизги аянтча болуп эсептеленет. Форумдун максаты - Орусия Федерациясынын аймактары менен 57 мамлекет кирген «Ислам Кызматташтык Уюмунун» соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү, социалдык жана маданий байланыштарды чыңдоо.

ХIV"Орусия - Ислам дүйнөсү Эл аралык экономикалык форуму: KazanForum" 2023-жылдын 18-21 майда өтөт (18-19-майда иш чара программасы, 20-21-майда -маданий). Өткөрүү жери: Орусия Федерациясы, Татарстан Республикасы, Казань шаары, «Казань Экспо» Эл аралык жарманке борбору.

KazanForum-2023 программасында эки жүзгө жакын иш-чара, анын ичинде 140тан ашык сессиялар. Эксперттик талкуулардын темалары: Ислам каржылоосу жана халал индустриясы, эл аралык кызматташтык, логистика, өнөр жай, туруктуу өнүгүү жана ESG, IT-технологиялар, инновациялар жана инвестициялар, жаштар ишкердиги, кичи жана орто бизнес, аялзаттын көз карашы, билим берүү, медицина, спорт ж.б.

KazanForum-2023 программасы тууралуу кененирээк www.kazanforum.ru расмий сайтында. Акыркы жаңылыктарды ВКонтакте социалдык тармагындагы расмий баракчалардан көрүңүз: https://vk.com/kazanforum23, https://vk.com/russiahalalexpo  

 

Айчүрөк Абдылдаева