СОЦИАЛДЫК МАМЛЕКЕТ темасын улай…

Мамлекет чындап социалдык болушу үчүн салык саясаты өзгөртүлүшү керек. Нефти менен газдан кирешелер суудай агып келип жаткан социалдык мамлекеттердин башкасынын баардыгында ошондой. Скандинавия өлкөлөрүндө салыктар, милдеттүү чегерүүлөр кирешелердин 50 пайызынан 74 пайызына чейинкини түзөт. Кирешелери өтө көбөйгөндөрүнө прогрессивдүү салыктар да колдонулат. Ал эми бизде салыктар канчалык азайтылса, ишкердик ошончолук өнүгөт деген туура эмес түшүнүк үстөмдүк кылып келет. Дыйкандар, фермерлер дегендерибиздин басымдуу көпчүлүгү кирешелеринин 100дөн бирине, айрымдары андан азына гана салык төлөшөт. Мурдагы ажонун тушунда аны да көп дешип, айыл чарбасындагы салыктардын айрымдарын алып салышкан. Азыр ар айылда жүздөгөн койлору, уйлары, жылкылары барлар четтен чыгат. Мурдатан мал киндиктүү делген Нарын, Талас аймактарындагылар жөнүндө айтпаса да түшүнүктүү. Алардын майда жандыктарын айтпай эле коёлу. Миңдеген бодо малдары бар. Бирок алар канчадан салык төлөшөт? Алар жок дегенде жайыттарда малдары жеген чөптөрдүн бир бөлүгүн компенсациялашабы?

Өкмөттүн салыктык базаны кеңейтүүгө өзгөчө басым жасап жатканы эң туура. Ал албетте, салык төлөөчүлөргө жакпайт, милдеттүүңдү төлө дешсе, “Дордойдогулардай” болуп пикетке, митингге чыгышып, айрымдары саясый талаптарды коюшу да ыктымал. Бирок, социалдык дегенди мындай коёлу, мамлекеттин биринчи милдети, милдеттүү алык-салыктарды толук өндүрүү болсо, экинчиси, кирешелери көптөрдүкүн кирешелери аздарга бөлүштүрүү болуп саналат. Бүгүн коммунисттер башкарган Кытай, өнүккөн өлкөлөр эле эмес, монархтар да азыр ушул жол менен баратышат.

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист