Импорт менен экспорттун ортосундагы айырма буга чейин 2,5-3 эсе болсо, азыркы таптагы көрсөткүч 6 эсеге өсүп жетти. Бул экономикада жеткилең иш алып барбагандыктан болуп жатат. Мындай пикирин депутат Султанбай Айжигитов "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди. 

"Негизинен биздеги экспорттук товарлардын басымдуу бөлүгү айыл чарба азыктары менен алтын болуп саналат. Экспорт менен импорттун тең салмактуулугу сакталса гана экономиканын идеалдуу өсүшүн камсыздай алабыз.

Ички дүң продукт биздин ички иштен тапкан таза каражат. Ал 8 млрд. сомго туура келет. Анын 51%ын кызмат көрсөтүү тармагы камсыздайт. 20%ы соода жүгүртүү чөйрөсүнө туура келет. Ушундай капиталды дагы да көбөйтүүнүн жолун пландоо стратегиясы аркылуу ишке ашырууга тийишпиз, - дейт С.Айжигитов.

Ошондой эле эл өкүлү айлык акыларды жогорулатууда каражат булактарынын туруктуулугуна көңүл буруу кажеттигин айтып, пенсиянын эң төмөнкү чегин керектөөнүн минималдык чегине теңдебесе, азыркы пенсия, балдарга каралган жөлөкпулдар дагы учурдагы инфиляциянын шартында эч нерсеге жетпей калып жаткандыгы чукул экономикалык өнүгүү аракеттин талап кылаарын белгиледи.