2023-жылдын 18-20-майда Татарстан Республикасынын борборунда, «Казань Экспо» Эл аралык көргөзмө борборунун аянтында XIV Эл аралык экономикалык форуму "Россия - Ислам дүйнөсү: KazanForum -2023" өтөт. Бул тууралуу аталган форумдун тышкы басма сөз кызматынан Айчүрөк Абдылдаева билдирди. 

Маалыматка караганда, "Россия - Ислам дүйнөсү: KazanForum" Россия менен ислам дүйнө мамлекеттеринин кызматташуусуна негизги аянтча болуп эсептеленет. Форумдун максаты - Орусия Федерациясынын аймактары менен 57 мамлекет кирген «Ислам Кызматташтык Уюмунун» соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү, социалдык жана маданий байланыштарды чыңдоо.

2022-жылы KazanForum 6000ден ашык эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын, каржы институттарынын өкүлдөрүн, парламентарийлерди, алдыңкы инвесторлорду жана бизнесмендерди, 64 мамлекет жана россиялык компаниялардын топ-менеджерлерин, ошондой эле чет өлкөлөрдүн 35 дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн бир аянтчага чогултту.

KazanForum-2023 чегинде эки жүзгө жакын иш-чара, анын ичинде 140тан ашык тематикалык сессияларды өткөрүлөт. Эксперттик талкуулардын программасында: Ислам каржылоосу жана халал индустриясы, эл аралык кызматташтык, логистика, өнөр жай, туруктуу өнүгүү жана ESG, IT-технологиялар, инновациялар жана инвестициялар, жаштар ишкердиги, кичи жана орто бизнес, аялзаттын көз карашы, билим берүү, медицина, спорт ж.б. Ар бир тематика боюнча - 3төн 10го чейин сессия болот.

Эң маанилүү темалардын бири: Орусия аймагында исламдык каржылоо механизмин өнүктүрүү. KazanForum 2022деги эксперттик талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Ак Барс Банкы биринчи жолу «Мир» төлөм системасынын негизинде исламдык дебеттик картаны сунуштады, ал эми Сбер Татарстандын борборунда биринчи өнөктөш ислам каржылоо кеңсесин ачты.

Тажрыйбанын негизинде “Форум-2023” катышуучулары пилоттук долбоорду башка аймактарга жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле Орусияда халал сертификаттоо органдарын аккредитациялоонун бирдиктүү системасына өтүүнү талкуулашат.

«Татарстандын мисалында биз ислам бизнеси менен өз ара аракеттенүүнүн практикалык механизмдерин тактоого умтулуп жатабыз. Ислам экономикасын өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Өзгөчө, халал тамак-аш, халал туризм, халал медицина өнүгүп жатат», - дейт Татарстан башчысы Рустам Минниханов.

KazanForum-2023 эксперттери ошондой эле Россия менен ислам мамлекеттерини ортосундагы эффективдүү экономикалык мамилелердин маанилүү шарты катары эл аралык транспорттук-логистикалык коридорлорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушат.

ЖМК өкүлдөрү үчүн “Орусия-Ислам дүйнөсү: Туруктуу өнүгүү жана экономикалык гүлдөп өнүгүү үчүн медиа кызматташтыгы” аттуу кеңейтилген медиа-сессия өткөрүлөт. Ага ИКУ өлкөлөрүнүн жана Орусия Федерациясынын улуттук маалымат агенттиктеринин жетекчилери, ири телерадиокорпорациялардын жетекчилери катышат. Баяндамачылар дүйнөдөгү туруктуу өнүгүү көйгөйлөрүн чечүүдө ИКУ өлкөлөрүнүн жана Орусиянын медиа индустриясынын ролун жана мүмкүнчүлүктөрүн, маалыматтык өнөктөштүктүн тарыхын жана келечегин талкуулашат.

Форумда “Орусия – Түркия”, “Россия – Индонезия”, “Орусия – Египет”, “Орусия – Азербайжан”, “Орусия – Өзбекстан”, “Орусия – Малайзия” жана “Орусия – Иран” конференциялары пландаштырылган.

KazanForum-2023 - Орусия жана ислам дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ишкерлери үчүн соода, каржы жана технологиялык өнөктөштөрдү табуу, жаңы рынокторго чыгуу жана инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү. Ал үчүн форумдун алкагындагы иш-чаралар жардам берет: халал продукцияларынын жана кызматтарынын презентациясы менен Russia Halal Expo бизнес көргөзмөсү, андан тышкары Казань Экспо МЭКте инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлору, Агропромпарктагы соода павильондору менен Russia Halal Market жарманкеси, Ислам мамлекеттеринин ашпоозчуларынын кулинардык шоусу. Меймандар адал индустриясынын кең дүйнөсүнө кирип, эксперттер бул чөйрөдөгү ийгиликтүү иш тажрыйбасы менен бөлүшүшөт.  

20-майда KazanForum-2023 алкагында ModestFashionDay бешинчи мааракелик сезону өтөт. Орусия жана чет элдик таанымал бренддердин көргөзмөсү жыл сайын жөнөкөй мода индустриясынын өнүгүү потенциалын тастыктайт жана чет өлкөдөн жаңы кардарларды табууга мүмкүндүк берет.

2023-жылдын 20 жана 21-майында форумдун коноктору үчүн программанын маданий бөлүгү өтөт: ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги Свияжск аралына, "Изге Болгар Жиена" майрамын (азыркы Татарстан Республикасынын аймагындагы Волга Болгариясында исламдын расмий кабыл алынган күнү) салтуу белгилөө үчүн Байыркы Болгар шаарына экскурсиялык программа.

Жыл сайын KazanForum меймандары жана катышуучулары форумдун түшүмчүл ишкердик жана маданий программаны, жемиштүү жолугушууларды баса белгилеп кетишет, эл аралык иш-чаранын деңгээлин жана тынымсыз өсүп жаткан масштабын жогору баалашат. 2022-жылы KazanForum Маалымат туризминдеги XI Улуттук премиянын Russian Event Awards сыйлыгынын лауреаты болду - "Мыкты MICE окуясы" номинациясында "Гран-Приге" ээ болду - бул Орусиянын алдыңкы уюштуруучулары тарабынан форумдун жогорку деңгээлде таанылуусун тастыктайт.

KazanForum-2023 пресс-борбордун ишин, пресса мамилесин уюштурууну, федералдык жана эл аралык ЖМКларга интервьюларды камтыйт. Катышуучуларга жана меймандарга 1000ге жакын ыктыярчылар жардам беришет.

KazanForum-2023 программасы тууралуу кененирээк www.kazanforum.ru расмий сайтынан биле аласыз. Акыркы жаңылыктарды ВКонтакте социалдык тармагындагы расмий баракчалардан көрүңүз: https://vk.com/kazanforum23, https://vk.com/russiahalalexpo