Балбан Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль алды. Ал 62 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышты.
Өзбекстандык Дильфуза Аимбетованы 4:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты. Жарым финалда япониялык Нонока Озаки менен беттешти. Жыйынтыгында жеңиш Айсулуу Тыныбекова тарапта болду.
Андан соң монголиялык Орхон Пуревдорж менен күрөшүп, 9:5 эсебинде жеңишке жетти.
Айсулуу Тыныбекова 2016-жылы, 2017-жылы, 2019-жылы жана 2021-жылы Азия чемпионатында алтын байге алган.