Бүгүн президент Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.

Кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдүн чордону чакан жана орто ишкерчиликти колдоого багытталды. Ошондой эле, контролдук-кассалык машина (ККМ), электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК) колдонууну, бирдиктүү салык режимин да жөнгө салат.

Өткөн жылдын башында кабыл алынган кодекс боюнча, жылдык товар жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган чакан ишкерчилик ККМ колдонуу менен киреше салыгынан башка салыктарды төлөөдөн бошотулган болчу. Ал эми бул өзгөртүүдө жылдык товар жүгүртүүсү 30 миллион сомго жетпеген ишкерчиликке салык ставкасы 0,5 пайыз деп белгиленди, ал эми 30 миллиондон 50 миллион сомго чейин товар жүгүртүүсү барлар 1 пайыз менен төлөшөт. Бул жеңилдиктин импорттоочуларга, экспорттоочуларга, дистрибюторлорго, күйүүчү-майлоочу майларды, дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатуу соодасында жүргөндөргө тиешеси жок.

Эске салсак, жаңы Салык кодекси кабыл алынганда коомдук тамактануу жайлардын өкүлдөрү биринчилерден болуп нааразычылык билдиришкен. Алар бирдиктүү салык ставкасы 8 пайызга белгиленгенине каршы чыгышкан. Ал эми бул жолку өзгөртүүдө коомдук тамактануучу жайларга карата ставка ылдыйлады. Бишкек жана Ош шаарларында накталай төлөөдө 6 пайыз, накталай эмес төлөөдө 4 пайыз болуп өзгөртүлдү. А өлкөнүн башка аймактарындагы коомдук тамактануучу жайлары 5 пайыз жана 3 пайыз менен төлөшөт.

Бул жеңилдиктердин баарын чакан жана орто бизнес бир шарт – ККМ, электрондук эсеп-фактура жана ЭТТК колдонуу менен гана ала алышат.

ЖИА бизнес-ассоциациясынын укук жаатындагы кеңешчиси, салык мыйзамдуулугу боюнча жумушчу тобунун мүчөсү Калыгул Салиев жогоруда аталган жаңычылдыктарды киргизүү менен фискалдаштыруу – бизнести көмүскөдөн алып чыгуунун чаралары деп эсептейт.

“Жылдык товар жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпеген чакан ишкерчиликти бирдиктүү салыктан бошотуу аларга ККМ колдонууга мотивация берет. Бирок мындай жеңилдик калкка товарлар сатылып, кызматтар көрсөтүлгөн учурда гана болот. Товарлар электрондук эсеп-фактура жана ЭТТК аркылуу заводдон чыгарылгандан же чек арадан өткөндөн баштап керектөөчүгө жеткенге чейин көзөмөлгө алынат. Бизнести “агартуунун” дагы бир чарасы – эгер товар көмүскө тарапка сатылса, анда сатуудан түшкөн пайда салыгынын ставкасы 4 пайызга чейин көтөрүлөт. Башкача айтканда, товар жеткирүүчү продукциясын ак ниеттүүлүк менен салык төлөгөн тарапка сатууга кызыкдар болуп калат”, - дейт ал.

Ал эми ККМди милдеттүү түрдө талап кылуу калат. Аны соода тармагында өзгөчө режим менен иштеген салык төлөөчүлөр колдонушпайт. Бул салык режими жаңычылдык катары эсептелинет жана стратегиялык объектке кирген соода базарларынын аймагында гана ишмердүүлүгүн жүргүзгөндөргө тиешелүү болот.

Айыппулдардын өлчөмүн азайтуу дагы бизнести колдоо иретинде кабыл алынган чечим болду. Ишкер ККМ чегин бербей же сатып алуулардын суммасын азайтуу менен биринчи жолу кармалганда эскертүү берилет. Эгерде мындай эреже бузуу бир жылдын ичинде дагы кайталана турган болсо, физикалык жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айыппул салынат. Үчүнчү жолкусунда айыппул андан да көбөйөт: физикалык жактарга – 3 миң, юридикалык жактарга – 13 миң.

Бул айыппулдарды 15 күндүн ичинде төлөгөн тарапка арзандатуу берилет.

Ал эми ЭТТКны колдонбогону үчүн административдик жаза киргизүүнү 2014-жылдын 1-январына чейин калтырышты.

“Бул өзгөртүүлөр өлкөнүн салык жана инвестициялык климатын жакшыртат деген чоң үмүт бар. Анткени ставкаларды ылдыйлатуу, жеңилдиктерди берүү боюнча көптөгөн сунуштар жолдонду. Аны менен катар бул өзгөртүүлөр бизнести көмүскө экономикадан чыгарууга, салык маданиятын жакшыртууга да багытталды. Бул факторлордун баары салык акыйкаттуулугун орнотууга жана ак ниет бизнести колдоого оң таасирин бере алат”, - дейт Салиев.

Жогоруда аталгандардан башка дагы кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдө өзгөчө жагдай бар. Ал – кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган Баткен жана Ош облусунун тургундарын колдоо. Негизинен, 2022-жылдын 1-ноябрына карата түзүлгөн карызды кечүү болуп саналат. Ошондой эле, Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жабырлануучулардын тизмесине кирген тургундардын насыя алгандагы пайыздары, туумдары жана салык санкциялары жокко чыгарылат.

Аны менен катар жашыл экономика жаатындагы демилгелер дагы көңүл сыртында калбады. Өзгөртүүдө өлкө ичине электромобилдерди саткандар кошумча нарк салыгынан бошотулат. Буга чейин мындай норма бир гана электрокарларды импорттогондорго карата колдонулчу.

“Экономикалык  маселелерди чечүүдө өлкө жетекчилиги саясий эрктүүлүгүн көрсөтүүдө. Эсиңиздерде болсо, президент Садыр Жапаров бир тарабынан инвестициялык климатты жакшыртуу, экинчи тарабынан мамлекеттик бюджетти толтуруу боюнча бир нече Жарлыктарды кабыл алган. Биздин, жумушту топтун сунуштаган өзгөртүүлөргө таянып, Салык кодексинин жаңы редакциясы мурункуга караганда бир топ мыкты болуп, мамлекеттин да, бизнестин да кызыкчылыгын коргоп, тең салмактуулукту жаратат деп үмүттөнөбүз. Жагымдуу салык климаты, ылдый ставкалар жана жөнөкөй салык системасы дайыма инвесторлорду тартып турат. Бул коррупциялык тобокелчиликке баргандан көрө, таза, так салык төлөп, мамлекет менен эсептешүүнү артык көргөн ишкерлер үчүн маанилүү. Ылдый ставка менен салык төлөгөн миң субъект жогорку ставкада салык төлөгөн жүз субъектке караганда бюджетти жакшы толтурат”, - деп белгиледи Калыгул Салиев.