Финансы министрлиги Кыргызстандын ички карызы тууралуу түшүндүрмө берди. Маалыматка караганда, ички карыздын деңгээли туруктуу.
Ошондо, 2023-жылдын 31-январына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызынын көлөмү 95 660,52 миллион сомду түзгөн, бул 1 110,39 миллион АКШ долларына же ИДПга карата 10,32 пайызга барабар.
Министрлик белгилегендей, Кыргыз Республикасынын 2022-2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясына ылайык, мамлекеттик карыздын ИДПга карата максаттуу катышы 70 пайыздан ашпашы керек.
"Бүгүнкү күндө жалпы мамлекеттик карыздын деңгээли белгиленген чектен бир нечеге пайызга төмөн катталып, карыз (тышкы+ички) ИДПга карата 52,33 пайызды түздү. Бул мамлекеттик карыздын деңгээли туруктуу дегенди билдирет.
Кошумчалай кетсек, ички карыздын жалпы мамлекеттик карызга болгон катышы бүгүнкү күндө 19,7 пайызды түзөт. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги масштабдуу мамлекеттик программаларды жана өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу максатында, башкалардын катарында ички булактардын жаңы инструменттерин колдонот. Ошондуктан келечекте мамлекеттик карыздын структурасында ички карыз көбөйөт", - деп айтылат маалыматта.
Ички карыз тышкы карызга караганда бир катар артыкчылыктарга ээ:
- ички карыздарды алууда канчалык акчанын куну өзгөрүлбөсүн тобокелдик жаралбайт, ал эми тышкы карыздарды алууда курстук айырманы кайтаруу үчүн талап кылынган сумма көбөйүп кетиши мүмкүн, ошондой эле карызды тейлөөнү кыйындатат;
- ички карыздар боюнча пайыздарды жана негизги карызды төлөөдө ички кредиторлор киреше алышат. Ал эми тышкы карыз боюнча пайыздарды жана негизги карызды төлөөдө чет элдик валютага муктаждык жаралып, мамлекеттин валюталык резервдери кыскарып кетет. Мындай учурда чет өлкөлүк кредиторлор пайда табышат;
- инфляцияны жана девальвацияны эске алуу менен ички карызды тейлөөнүн наркы тышкы карызды тейлөөгө кеткен чыгымдардан бир топ төмөн.
Белгилей кетчү нерсе, мамлекеттик карыздын түзүмүндө ички карыздын басымдуулугу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө байкалып жатат.
Ошондой эле республикалык бюджетте мамлекеттик карызды тейлөөгө каражаттар толук көлөмдө каралып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан мамлекеттик карызды төлөө өз убагында жүргүзүлүүдө.
Маалымат үчүн: Тышкы карыз — башка өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан чет элдик валютада алган насыя болсо, ички карыз сом менен мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен түзүлөт. Баалуу кагаздар бюджетти толтурат.