Жакында Кыргызстандагы айрым соодагерлер митингге чыгып, Министрлер Кабинетинен ККМ, ЭТТК жана электрондук эсеп-фактураны жоюу салууну талап кылышты. Бул боюнча экс-депутат Мурат Жетимишбаев пикирин билдирди.
- Карапайым эл ККМ саясатын толук колдойт! Салык - бул карыз эмес, инсандык парз! Мамлекетте жашап иштеп киреше таап жаткандан кийин салыкты дагы мыйзамга ылайык төлөш керек. Салык мыйзамы бизде буга чейин талапка ылайык иштебегендиктен ишкер соодагерлер каалагандай өз кирешелерин жашырып, байып келишкен. Болду, мындан ары андай "бармак басты көз кысты" болбойт! Салык тартибин катуу көзөмөлгө алуу зарыл. ККМге каршы чыгып жаткандар жөн эле "оозун куру чөп менен аарчып" мусапыр болуп жатышат. Керек болсо өздөрү да чыкпай, акчага бирөөлөрдү жалдап алып "антип айт, минтип кыйкыр" деп көмүскөдө өлүмүш болгондору да толтура!
Биз азыркы бийликтин салык саясатын толук колдойбуз! Мамлекетин өнүгүшүнө жакшы кадамдар башталды. Темирдей тартип мамлекеттин чындап өнүгүшүнө өбөлгө болот.