Профессор Венера Акматова Министрлер Кабинетинин бизнеске электрондук-товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү түрдө киргизүү чечими тууралуу пикирин билдирди. 

- Соода тармагына киргизилип жаткн электрондук-товардык  жүгүртүүгө каршылыгын билдирип бир топ акцияларды уюштуруп жатышат. Анын себептери: биринчиден, өкмөт жана анын алдындагы тиешелүү мамлекеттик мекемелер ишенимдүү, ынанымдуу маалыматтарды жеткире албай жатышат. Салыкты көтөрүүнүн же салыкты жыйноонун жаңы формасын киргизүүдө алдын ала мониторинг жүргүзүлүп, түшүндүрүү кампаниялары жүргүзүлүшү керек. "Бул кандай максатта киргизилип жатат? Анын пайдасы кандай, зыяны кандай?" деген суроолордун тегерегинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өкмөткө, бийлик өкүлдөрүнө ишенимин жоготкон эл үчүн абдан маанилүү. Салык жыйналып, бирок ал мамлекеттин казынасын толтуруп, жалпы жыргалчылык үчүн жумшалбастан, максатсыз, пайдасыз жумшалып кеткен учурлар абдан көп болгондуктан, ар бир соодагер, ишкер чөнтөгүнөн төлөп жаткан акчасынын пайдалуу болооруна ишениши керек.

Экинчиден, өкмөт элге, анын ичинде салык төлөөчүлөргө дайыма ачык болушу зарыл, милдеттүү. Жалпы эл, ар бир салык төлөгөн адам – төлөп жаткан акчасынын бир тыйынына чейин кайда, кантип, эмне үчүн жумшалып жатканын билип турушу керек, акысы бар. Бийлик өкүлдөрү мамлекеттин казынасындагы акчаны «сарамжал пайдалангыла, уурдабагыла» деген  элдин талабын  туура кабыл алып, тиешелүү жооп бергенди үйрөнүш керек!

Үчүнчүдөн, ушул өлкөдө жашап, «иш кылган» ар бир адам салык төлөгөнгө милдеттүү. Бул анын ишкер катары, жаран катары, инсан катары милдети! Электрондук-товар жүгүртүүнүн жакшы жери - коррупцияга бөгөт коет. Салыкты жашырып коюу, жарымын мамлекетке төгүп, жарымын кошо жашырышкан дагы бир «чөнтөккө» төгүү азаят. Эгемендүүлүк алгандан бери канчалаган акчалар жеке чөнтөктөргө жыйналып отурду, азыр деле уланып жатат. Мисалы, Ош базарында соода кылгандардан ар бир күнү акча жыйналчу, бирок бир да квиток, же бир салык төлөгөнүн ырастаган кагаз берилчү эмес. Эгер «кагаз» берилбей эле акча төгүлсө демек, ал жер таза эмес! Жеке бир адамды байытканча, жалпы элдик казынаны, өлкөнү байыткан жакшы эмеспи.