КР президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев Министрлер Кабинетинин бизнеске электрондук-товардык-транспорттук коштомо кагаз киргизүү аракети тууралуу пикирин билдирди. 

- Эгерде бизнестин эркине койсо, мамлекетке бир тыйын төлөбөй, баарын өз чөнтөгүнө калтырууга каршы эмес. Жаңы Кыргызстандын эң чоң кейиши так ушундай түшүнүктө болуп жатат! Кээ бирлери өз кезегинде өлкөнүн өндүрүшүнүн өзөгүн түзгөн завод-фабрикаларды талап-тоноп кетүүгө активдүү катышышкан. Өзүнчө эле олигархиялык классты түзүп алышкан. Эми электрондук  товардык – транспорттук коштомо кагазга каршы болушууда. Башка мамлекеттерде мындай ыкмалардын киргенине көптөгөн жылдар болду. Биздин мыйзамга анчалык баш ийбеген тоң моюндугубуз дагы да кесепетин тийгизип жатат. Коомго, мамлекетке оң таасирин тийгизчү өзгөрүүлөрдү туура кабыл алууга үйрөнүүгө тийишпиз. ЭТТК - болгону көмүскө товар жүгүртүүлөрдү ачыктоонун ыкмасы. Ачык иштегендерге эч кандай зыяны жок.