Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Биринчи радионун “Түз байланыш” уктуруусунун суроолоруна жооп берип жатып ички дүң продукция (ИДП) алдын ала баалоо боюнча 2022-жылы 2021-жылга салыштырмалуу 7% өсүү менен 919 млрд сомдон ашуун болгонун билдирди. 

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,9% өсүп, 863,8 млрд сомду түздү.

“ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана кызмат көрсөтүү тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 9,7% жогорулады, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4,8% өстү”, - деди Бакыт Төрөбаев.